Милиция бөлүмүнө “2-январда түнү саат 12лер чамасында азиат түспөлүндөгү жигит Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан дарыкананын пластик жана темир эшиктерин бузду” деген арыз менен Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну О.Эмил кайрылган.
Кылмыш изи сууй электе Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан Нарындын 40 жаштагы тургуну А.Акимжан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.