Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулуна акчалай белек тапшырды. Бул тууралуу видеону Данияр Төлөгөн уулу өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Анда Бивол Данияр анын жаш кезинен берки досу, аны менен бир залда машыкканы тууралуу айтып берген.
Мындан тышкары дүйнө чемпиону бокс боюнча Кыргызстандын курама командасын Париждеги Олимпиада оюндарындагы ийгилиги менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды.