Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен белгилүү сүрөтчү Иван Айвазовский тарткан картинанын уурдалганына байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин Көркөм сүрөт музейи боюнча куратору Дамира Алышбаева билдирди.
"Бул окуя бардык музейлерге жана бийликке сабак болушу керек. Биз атайын комиссия түздүк. Себеби бул келечекте боло турган кокустуктарга каршы белги болушу керек. Музейде Айвазовскийдин сүрөтүнөн башка да Франциядан келген, Орусиядан келген сүрөттөр, анан да кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн дагы канчалаган баалуу эмгектери сакталып турат. Эми мындан ары дагы уурулук кайталанбашы үчүн кандай аракеттерди жасаш керектигин карап көрүшүбүз керек",- деп билдирди Дамира Алышбаева.
Белгилей кетсек, Иван Айвазовскийдин бийиктиги 53, туурасы 43 сантиметр келген "Крымдагы деңиз пейзажы" сүрөтү 1866-жылы жаралып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. Ал кезде СССРдин Маданият министрлиги аны 10 миң советтик рубль деп баалаган.
Эске салсак, полотно 27-декабрга оогон түнү, музейдеги жаңы жылдык отуруштан соң уурдалган. Сүрөт илинип турган рамкадан олдоксон кесилип алынган. Азырынча бул сүрөттүн баасы эки миллион сом деп болжолдонууда.