Бишкекте белгисиз эле жигиттен токмоктолгон кыздын агасы билдирүү жасады

Бүгүн, 12-ноябрда социалдык тармактарда Бишкекте белгисиз жаран жолдон өтүп бараткан кызды ур-соккуга алганы тартылган видео тараган. Жабырлануучунун байкеси SUPER.KG порталына бул боюнча ишти милиция жакшы карабай жатканын билдирди.

Ал окуя 1-ноябрь күнү түндө болгонун, андан карындашы оор жаракат алганын, учурда милиция ишти созуп жатканын айтты.

"Карындашымды "Тез жардам" кызматы келбегендиктен, такси менен Улуттук госпиталга алып барышыптыр. Ал жерден дарыгерлер "Тез жардамга" салып, 4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Ошол түнү милицияга билдирүү түшүп, келген укук коргоо органдарына карындашым арыз жазган. Эртеси дарыгерлер карындашымды үйгө чыгарып жиберишкен. Анын дем алуусу оорлошконунан жеке менчик ооруканага жаткыргам. 3-ноябрда Октябрь РИИБине барып арызды издеттирсек, арызды авария деп каттоого алып коюшуптур.

Алынган видео материалдарды көрсөтүп, кайра арыз жазганбыз. 4-ноябрда тергөөчүгө иш боюнча чалып сурасам, "Саммит болуп жатат, бүтсүн, анан карайбыз" деген. 6-ноябрда болсо "бизге эс алуу күнү" деди. Андан бери канча күн өттү? Негизи бул боюнча иш алып барышса, шектүүнү бир күндө эле табышмак", - деди жабырлануучунун агасы.

12.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан