Жылнаама. 4-январь: Мындан 103 жыл мурун Кеминде күчтүү жер титирөө катталган

 * Мындан 103 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1911-жылы ушул күнү Кеминде күчтүү жер титирөө катталган. Анын күчү болжол менен 9-10 баллга жеткен. Зилзала күчтүү болгону менен калктын көпчүлүгү боз үйдө жашагандыктан, курмандык анчалык көп болгон эмес. Болжол менен 500гө жакын адам каза болгон. 

1942-жылдын 4-январында акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырлардын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо каза болгон. Ал 1860-жылы Ак-Талаа районунун Куртка айылында жарыкка келген. Өз аты - Байымбет Абдырахман уулу болгон. Атасынан 14 жашында ажыраган Байымбет аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, анын тарбиясын алган. 
Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген лакап атты берген да дал ошол Тыныбек болгон. Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнө таанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.
 
Мындан 39 жыл мурун кыргыздын мукам үндүү ырчысы Элмира Кайып кызы туулган. 
*2012-жылдын 4-январында Ак үйдүн алдында казинолорго каршы наарызычылык акциясы болуп өткөн.
* 1985-жылы 4-январда Лондон шаарындагы төрөтканалардын биринде дүйнөдөгү алгачкы суррогат энеден бала төрөлгөн.
 
Жылнаама толугу менен бул жакта... 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан