Бүгүн, 4-январда Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун катышуусундагы автокырсык катталып, айдоочу ошол жерден көз жумган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБинин жол көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 21 жаштагы жаран Тойота-Калдина унаасы менен кагышып, оор жаракаттан улам ошол жерде жан берди. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилди.