Бүгүн, 14-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отчёттук маалыматы коштошуп жаткандай сезилгенин билдирди.
Буга Жапаров кийинки жылы отчёттор мындан дагы жакшы болорун айтып, президент ага "көп жыл иштеген өкмөт башчы болосуз" деп айтканын белгиледи.
"Не дождётесь" деп айтайын деп уялып жатам. Эмдиги жылы отчёттор мындан дагы жакшы болот. Бул эми Кудайдын буйругу, анан президенттин чечими да. Президенттин ишеними канча күнгө болсо ошончо иштейбиз. Эми бул жашыруун деле эмес, Садыр Нургожоевич айткан, "эң көп иштеген премьер-министр болосуз" деп. Буюрса, ошого жакындап баратат окшойм", - деди ал.
Айта кетсек, бүгүнкү парламенттин отурумунда өкмөт башчынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёту угулду. Ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришти.