Казакстанда күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн Салтанат Нукенованын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Жанна Уразбахова Куандык Бишимбаевдин кайда экени тууралуу маалыматты жарыялады.
Адвокат ага Казакстандын Түзөтүү мекемесинен келген катты жарыялады. Катта Бишимбаев жазасын Степногорск шаарындагы абакта өтөп жатканы жазылган.
"Учурда соттолгон Бишимбаев К.В. жазасын Акмола облусу боюнча Жаза аткаруу башкармалыгынын №5 мекемесинде өтөп жатат (дареги: Акмоло облусу, Степногорск шаары, 7 өндүрүш зонасы, 14А корпусу)№, - деп айтылат расмий жоопто.
Эске салсак, буга чейин интернет желесинде Бишимбаевди Казакстандын колонияларынан таппай жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан. Айрым маалымат каражаттары ал жаза мөөнөтүн Степногорск же Аршалыда өтөп жатат деп божомолдошкон.