Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердеги шайлоолор тынч өттү. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган бардык чараларды көрдү.
Республиканын бардык аймактарындагы 2443 шайлоо тилкелеринде 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөдү.
"Кечээ, 17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү", - деп айтылат маалыматта.