Экс-депутат Жамгырчиевдин сот отуруму жылдырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевдин ишине байлаштуу 18-ноябрга белгиленген сот отуруму ал келбей калгандыктан жылдырылды. Кийинки отурумдун так датасы азырынча белгилене элек. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Эске салсак, Былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. 10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, Жамгырчиевди 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Жыйында Жамгырчиев өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы маалым болгон. Экс-депутаттын баш коргоо чарасы ошол эле күнү өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.

2-апрелде Биринчи май райондук сотунда анын иши каралып, сот алгач күбөлөрдөн көрсөтмө алууну токтом кылган. 13-июнда Биринчи май соту Жамгырчиевдин ишин кароого алып, күбөлөрдү сурай баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан