* 1943-жылы (71 жыл мурун) СССР Эл Комиссарлар Кеңеши “СССР Илимдер Академиясынын кыргыз филиалын уюштуруу” тууралуу токтом кабыл алган.
* 1975-жылы (39 жыл мурун) белгилүү хирург, Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп жүрөккө операция жасаган дарыгер Иса Ахунбаев каза болгон.
* 1731-жылы (283 жыл мурун) Москвада алгачкы жолу көчө чырактары орнотулган.
* 1769-жылы (245 жыл мурун) Жеймс Уатт өзү ойлоп тапкан буу машинасына патент алган.
* 1919-жылы (95 жыл мурун) Октябрь революциясы Литвага жетип, Кызыл армия Вильнюсту алган.
* 1954-жылы (60 жыл мурун) КРнын экс-мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов туулган.
* 1855-жылы (159 жыл мурун) америкалык ишкер Кинг Кэмп Жиллетт туулган. Эске салсак, ал коопсуз устараны ойлоп тапкан.