"Спирт ичимдиктерине аты берилбесин". Жогорку Кеңеште "Манас" эпосу боюнча мыйзам каралды 

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Манас” эпосу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: депутаттар Мирлан Самыйкожо, Камила Талиева, Аманкан Кенжебаев жана Аида Исатбек кызы.

Жыйында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен "Манас" эпосунун үчилтигине болгон көз караш, ага болгон мамиле мыйзамдын негизинде күчүнө кирет деп белгиледи.

Ал эми депутат Камила Талиева "Манас" эпосундагы каармандардын аттарын ичимдиктердин аттарына ыйгарбоону сунуштады.

"Манастын аты спирт ичимдиктерине берилип калган. Мыйзамда ошентип көрсөтүлгөн, уруксат бербеш керек. Тарыхый учур келип турат, биз муну чечип алышыбыз керек. Эмне үчүн спирт ичимдиктерине Манастын, Семетейдин, Сейтектин атын коюшубуз керек? Ушуну дайыма айтып келебиз. Темадан баштап өзгөртүү керек, жөн эле "Манас" эпосу деп коюптурсуңар, ал деген баатырдык эпос да. Манас болгон деп ачык айта албай келебиз. Эмне үчүн коркобуз?" - деди эл өкүлү.

Камила Талиева
Мирлан Самыйкожо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан