"Үй-бүлөсүн да багышууда". Орунбеков жаңы курулган абакта жумуш орду түзүлгөнүн билдирди (видео)

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жалал-Абад шаарынан Базар-Коргон районуна көчүрүлгөн абак тууралуу маалымат берип, жеринен тартылган видео менен Facebook баракчасына бөлүштү.

Ал түзөтүү мекемеси дүйнөлүк стандартка ылайык курулганын, жазасын өтөп жаткандарга жумуш орундары түзүлгөнүн белгиледи.

"Мурда абактагылар мамлекет берген тамакты жеп коюп жата берчү. Тим отурбай абак ичинде башка түрдүү кылмыштарды ойлоп таап, телефон аркылуу алдамчылык уюштуруп, уюшкан кылмыш тобунун идеологиясын жүргүзүп, абактан адам болуп тарбияланбай эле бузулуп чыгышчу. Эми мамлекет абактагы жарандарыбызга дагы эл аралык стандарттарга ылайык шарт түзүп берди. Эң оболу бирдиктүү формага өткөрүп, абак ичинде иштеп акча тапса боло тургандай ишканалар, жумуш орундары ачылды.

Мисалы, кирпич заводу, нан бышырган цех, кол өнөрчүлүк жана кийим тигүүчү цехтер иштеп жатат. Жазасын өтөп жаткандар эмгектенип, акча таап, сырттагы үй-бүлөсүн да багышууда. Мурда абакта жатып алып, сырттагы туугандарын кыйнап, тамак-аш, муктаждыктарын киргизип берүүнү өтүнүшөр эле. Ошону менен катар Беловодск айылындагы №16 мекемесин дагы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, кийинки жылы эксплуатацияга берилет. Бул абакта дагы жарандар эмгектенип, киреше таба тургандай чакан ишканалар уюштурулат", - деп жазды Орунбеков.

Ошондой эле ал Бишкектеги ТИЗО-1 дагы шаардан тышкары аймакка көчүрүлөрүн белгилеп, "анын орду гүл бакчага айланат" деди.

21.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан