Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянты ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган оюн талааларын куруу иштери апрель айында жүргүзүлө баштаган. Оюн талаасынын бири олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчисинде көрүүчүлөр үчүн трибуна курулду.
Белгилей кетсек, Республикалык спорттук колледжинде 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда. Команда эми колледждин базасында машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.