Орусия "Талибан" кыймылын кара тизмеден чыгарабы? 

Депутаттар менен сенаторлор тобу Мамлекеттик Думага террористтик деп таанылган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотууга мүмкүндүк бере турган түзөтүүлөрдү киргизишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Мыйзам долбооруна түшүндүрмө катта эгерде алар "үгүттөөсүн же кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтоткон болсо", азыркы мыйзамдарда террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну алып салуу механизми жок экени айтылат.

Демилге авторлору эгерде тиешелүү маалымат берилсе, башкы прокурордун же анын орун басарынын талабы боюнча мындай уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтотуу укугун сотторго берүүнү сунуштап жатышат. Соттун чечими оң чыкса, уюм террористтик каттоодон чыгарылат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун арасында депутаттар Андрей Луговой, Василий Пискарев жана сенатор Андрей Клишас бар. "Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" жана "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүү жөнүндө" федералдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү пландалууда.

Бул маселе иликтенип жатканын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да ырастады, бирок акыркы чечим өлкөнүн жогорку жетекчилигинде кала берет. Талибандын делегациялары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага бир нече жолу келишкен.

Кечээ, 25-ноябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ооганстандын вице-премьер-министри Абдул Гани Барадар Ахунд менен жолугушууда талиптерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу планын дагы бир жолу тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан