Жети-Өгүз районунда 8 килограмм баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-январда райондун Саруу айылынын чеке-белинен 45 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Анын сумкасынан 5 килограммга жакын марихуана табылган. Андан соң айылдын четиндеги чычырканактын арасына 3 килограмм марихуана катып койгону белгилүү болгон.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам камакка алынды.