Депутат Бактыбек Марипов Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-ноябрдагы жыйынында ички каттамдардын учак билеттеринин баасы боюнча маселе көтөрдү.
"Бүгүнкү күндө ички аба каттамдардын (Бишкек-Ош, Бишкек-Баткен, Ош-Бишкек) багыты боюнча билеттин баасы аябай кымбат болуп жатат. Азыр "Асман" компаниясы иштеп атат. Бул жакшы. Бирок билеттин баасы арзан болгону менен, анын багажы жок жана кайтарым кылууга же убактысын жылдырууга болбойт экен. Ошондуктан аба каттамдардын бааларын көзөмөлдөсөк", - деди Марипов.
Ошондой эле эл өкүлү кыш мезгилинде такси менен каттоо түмөн түйшүктүү экенин айтып, учак билетин бул мезгилде арзандатып берүүнү сунуштады.
Эске салсак, буга чейин дагы парламентте аталган маселени эл өкүлү Бактыяр Калпаев айтып чыккан болчу.