Санкт-Петербургда жылда өтүүчү "Алые паруса" майрамдык иш-чарасына Оштун бүтүрүүчүлөрү чакырылды 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү "Алые паруса" майрамдык иш-чарасына Ош шаарындагы бүтүрүүчү класстардын эң мыкты окуучулары чакырылды. Бул туурасында кечээ, 28-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра менен жолугушуусунда айтылды.
Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында 20 жылдык боордоштук мамилелердин маанилүүлүгү белгиленип, маданият, билим берүү, экономика, туризм, санариптештирүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Соңунда Санкт-Петербург шаары менен Ош шаарынын ортосундагы 2024-2028-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөдөгү кызматташтык боюнча программасына кол коюлду.
"Аталган программада транспорт, коммуналдык кызмат, санариптештирүү, социалдык саясат, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, билим берүү, жаштар саясаты, спорт, туризм жана башка багыттардагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош шаарында Санкт-Петербург күндөрү өтүүдө. Анын алкагында бир катар маданий иш-чаралар өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан