Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылындагы турак жайдан чыккан өрттөн улам 1 адам каза болду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-январдагы кырсыктан үйдүн 18 чарчы метри, чатыры, керебет жана электр меши күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүдө 66 жаштагы үйдүн кожоюну В.Воронцовдун жансыз денеси табылган.
Өрт электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.