Түндүк Корея кайрадан таштанды шарларын Сеулду көздөй учура баштады

Түндүк Корея кайрадан таштанды шарларын Түштүк Кореянын борбор шаарын көздөй учурду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, жалпы 40 таштанды баштыгын көтөргөн шар Сеулга жакын Кёнги провинциясына келип конгон.

Анда Түштүк Кореяга каршы үгүт баракчаларынан тышкары коопсуздукка коркунуч келтирген заттар жок экендиги маалыматта айтылган.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея Сеулду көздөй 32-ирет таштанды шарларын жиберип жатат. Аны менен аталган өлкө Сеулду мамлекеттин ички иштерине аралашпоого чакырып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан