Акыркы сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 6-январда билдирди. Маалыматка караганда, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 1, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна жаш балдардын шоктугу, меш жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон.