Тбилисиде демонстранттар Руставели проспектисиндеги “Грузин кыялы” партиясынын кеңсесинин терезелерин талкалап, таш жана жумуртка ыргытышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Атайын күчтөр демонстранттарды кууп таркатуу үчүн суу аткычтарын колдонгондон кийин демонстранттар Руставели проспектисине дагы жылып, бирок тараган жок. Митингдин катышуучулары импровизацияланган каражаттардан от жагып, күч органдарына карата петарда жана фейерверк ыргытышты. Укук коргоо кызматкерлери чыр чыгаргандарды кармап жатышты.