4-январда саат 18:30 чамасында Лексус-LX470 унаасынын 23 жаштагы айдоочусу Дэн Сяопин көчөсүнөн жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүрүүчү окуя болгон жерден каза тапты. Маалыматка ылайык, ал азиат улутундагы 40-45 жаштагы жаран.
Учурда анын аты-жөнү такталууда жана тергөө иштери жүрүүдө.