Учурда президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү иш сапары менен Сеулда жүрүшөт.
Айта кетсек, Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган.
Бул арада мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттин ден соолугуна жана өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин билдирди.
Анын айтымында, пландалгандай өлкө башчысы эртең, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтып келет.