4-январда саат 20:15 чамасында Ниссан Скайнлайн унаасынын 20 жаштагы айдоочусу Манас проспектисинен эки жөө жүрүүчүнү, андан соң бакты сүзүп алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жөө жүрүүчүлөр кытай улутундагы студенттер: 25 жаштагы Ю.Д.Фин жана 19 жаштагы Б.Ш.Хо болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочунун бети тытылса, жөө жүрүүчүлөр денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.