Психологдор Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы "Кенжетай-1" бала бакчасына жакындан жардам беришти. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу жерине барган. Анда колдоого муктаж тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришти.
Белгилей кетсек, социалдык баракчаларда бала бакчанын тарбиячысы наристелерди бетке чаап, токмоктогону боюнча маалыматтар тараган. Окуя Сузак районундагы бала бакчалардын биринде болгондугу
айтылган. Тараган маалыматтан кийин Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы аталган факты каттоого алынганын, териштүү иштери жүрө турганын
билдирсе, Билим берүү министрлиги окуяга тийиштиги бар тараптар катуу жаза аларын убадалаган.