Токмокто "мыкаачылык менен адамды өлтүрдү" деген шек менен бир аял жана анын таанышы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Ленин районундагы “Умка” дүкөнүнүн жанында жергиликтүү тургундар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн табышкан. Маркум 1973-жылы туулган Токмоктун жашоочусу экени белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Токмок шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө Чүй районунун 25 жаштагы жана 31 жаштагы тургундары кармалган.