Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү цехтин курулушу кайсы этапта? Мэриянын жообу

Бишкек шаарында санитардык полигондун аймагына курулушу пландалып жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү цехинде контейнер блокторун орнотуу жана куруу аяктады. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, ага улай полигондун аймагында болочок заводдун пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат.
"Азыр Кытайдан курулуш жана инженердик курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жумушчулар жана инженер-техник кызматкерлер тартылып жатат. Таштанды чыгаруучу заводдун жабдуулары жана тетиктери да акырындап келе баштады. Учурда бул жерде 180ден ашуун жумушчу эмгектенет", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, 29-мартта Министрлер кабинети менен "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" ЖЧКнын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Цехтин биринчи этабы суткасына 1000 тонна таштандыны чыгарып, электр энергиясын өндүрөт. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 миллион долларын түзөт. Заводдун курулушун 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда. Келечекте аталган заводдун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен КТКны күнүнө 3000 тоннага чейин күйгүзүү пландалып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан