Транспорт министрлиги ашуулардагы акыркы абал боюнча билдирди (видео)

Өлкөдөгү алыскы жолдордогу ашууларга “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “”Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул туурасында бүгүн, 8-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бардык багыт боюнча учурда каттамдар бар.

“Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык”, - деп айтылат маалыматта.

08.12.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан