Сирияда дүкөндөрдү талап-тоноо күч алды (видео)

Сириянын Латакия шаарында өлкөдөгү кырдаалдын арты менен талап-тоноо башталды. Бул туурасында РИА Новости басылмасы билдирди.

Маалымдалгандай, айрым полиция бөлүмдөрүн жарандар өрттөп салган, ошондой эле дүкөндөрдөн колуна тийген нерсени алып чыгып кетишүүдө.

Мындаай кырдаал Дамаск шаарындагы байлардын аймагында да болуп жаткандыгы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка келип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алышкан. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган. Бул арада анын өлкөдөн учак менен чыгып кеткендиги айтылган. Азырынча ал кайсыл мамлекетке барганы айтыла элек.

Сириядагы талап-тоноочулук.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан