IBA уюму Дубайда Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар берди (видео)

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Бокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде IBA'нын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлап, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин белгилеген. Анын алкагында мушкерлер бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн акчалай сыйлыктарга ээ болушкан.

Эске салсак, 26-июлдан 11-августка чейин өткөн XXXIII Жайкы Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байге уткан. Спортчу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы мушкер.

Мунарбек Сейитбек уулу Дубайда 50 миң доллар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан