Кайгуул кызматкерлери менен чырдашкан айдоочу элден кечирим сурады (видео)

Бишкекте "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, андан кийин кайгуул кызматкерлери менен да чырдашкан айдоочу элден кечирим сурады.

"Ошол жерде адамдык сапаттарга туура келбеген жорук жасаганым үчүн жалпы кыргыз элимден чын жүрөгүмдөн кечирим сурайм. Ошондой эле орой мамиле жасаган кайгуул кызматкерлеринен дагы кечирим сурайм", - деди ал.

Эске салсак, 3-декабрда анын "Тез жардам" унаасына тоскоолдук жаратып, фельдшерлер менен жаңжалдашкан видеосу тараган. Милициянын маалыматы боюнча, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочунун МАИ кызматкерлери менен да чырдашкан видеосун бөлүшкөн. Кармалган айдоочу 4-декабрда Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 суткага камакка алынган.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2024-12-11 10:04:00
Эң жакшысы Талаш тартыштын кереги жок айыбың барбы унчукпаган эле жакшы го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан