Кечээ, 10-декабрда саат 13:00 чамасында Бишкектеги Балбан-Таймаш конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда шаардык мэрия билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 үй-бүлө жана 40ка жакын адам жабыркаган.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев өрттөн турак жайы жабыркаган жарандар менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы шаардык кызматтарга жана Биринчи май администрациясына керектүү жардамдарды уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Жашоочулар А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын имаратына убактылуу жайгаштырылып, бардык шарттар түзүлдү. Анда ысык тамак уюштурулуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жергиликтүү бийлик социалдык кызматтар менен биргеликте жабыркагандарга мындан аркы жардамдарды, анын ичинде документтерди калыбына келтирүүнү уюштурат.