Бүгүн, 11-декабрда Кыргызстанга Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич Радман расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, сапардын алкагында ал ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.
Ал 11-12-декабрь күндөрү өлкөдө болот.