Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Бишкектин борборунда бүгүн, 11-декабрда катталган каракчылык фактысын иликтөөнү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Шаарда "перехват" планы жарыяланды.
Маалым болгондой, төрт белгисиз адам физикалык күч колдонуу менен М.А. аттуу жарандын акчасын тартып алышкан. Айрым маалыматтарга караганда, анын 31 миллион рублден ашык акчасы тонолгону айтылды. Жабыркагандар - Кыргызстандын жарандары.
Буга чейин калаадагы Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан адамдар менен белгисиз жарандарды карактап, акчасын тартып кетишкени кабарланган. Шектүүлөр издөөгө алынган.