Түркияда оппозициялык "Жакшы" партиясынын төрагасы Мусават Дервишоглу 240 миңге жакын сириялыктын түрк паспортторун жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Алардын бул жакта болушуна мындан ары эч кандай себеп жок. Түрк эли бардык качкындардын мекенине кайтып кетүүсүн күтүүдө", - деген ал парламенттеги жыйында.
Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан дүйшөмбү күнү Асаддын режиминин кулашы качкындардын кайтып кетүүсүнө жол ачканын белгилеп, түрк бийлиги алардын аман-эсен кайтышын камсыздаган зарыл иштерди аткарарын билдирген. Ал арада эки өлкөнүн чек ара өткөрмө пунктунда Сириядагы аскердик төңкөрүштөн кийин мекенине кайтып жаткандардын кезеги жаралганы айтылган.
Hurriyet гезитинин жазганына караганда, Түркияда 2 миллион 938 миң сириялык качкын жашайт.