Түштүк Кореяда биринчи айымды иликтөө боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Түштүк Кореянын парламенти баалуу кагаздар боюнча алдамчылыкка шектелген президент Юн Сок Ёлдун жубайы Ким Хон Хиге карата атайын иликтөө жүргүзүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу News1 агенттиги билдирди.

Демилгеге катышкан 282 депутаттын 195и "макул", 85и "каршы" добуш берсе, экөө калыс болгон. Жалпысынан Улуттук жыйында 300 эл өкүлү отурат.

Буга чейин 7-декабрда биринчи айымдын ишин иликтөө боюнча мыйзам долбоору өтпөй калган. Анда документти 198 депутат колдосо, 102си каршы болгон. Мыйзам кабыл алынышы үчүн добуш берүүгө катышкан эл өкүлдөрүнүн үчтөн экиси макулдук бериши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан