"АКШдагы шайлоо, Париж Олимпиадасы..." Бул жылы Google’да эң көп эмнелер изделгени айтылды

"Google Trends" кызматы бир жылдык издөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, бул жылы Google’дан адамдар эң көп эмнелерди издешкенин аныктады.

Андагы маалыматка караганда, эң мыкты 5 жаңылык окуясына АКШдагы шайлоо, Париж Олимпиадасы жана үч табигый кырсык кирген (күндүн катуу ысышы, "Милтон" жана "Шаньшань" бороону).

Ал эми издөө системасындагы эң популярдуу адамдар, башкача айтканда, эң көп изделгендер Дональд Трамп, Жо Байден жана Камала Харрис болгон.

Ошону менен катар бул жылы дүйнөлүк резонанс жараткан америкалык рэпер P. Diddy'нин аты дагы эң көп изделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан