Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Тураталы” базарынын мыйзамсыз менчиктештирилген 4,93 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, “Тураталы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү болгон жер тилкесинин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Прокуратура мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында сот органдарына арыз жазып, соттук кароолордун натыйжасында көзөмөл органынын өтүнүчү толук канааттандырылган.
Жыйынтыгында базар баасы 890 миллион 986 миң сомго бааланган 4,93 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.