Бүгүн, 14-декабрда "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өтөт.
Маалым болгондой, башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метрди түзөт. Ал эми жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.
Мэрия кабарлагандай, иш-чарада музыкалык жана бий номерлери, балдар үчүн мастер-класстар көрсөтүлүп, фуд-зона иштейт.
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилгени айтылды.
Белгилей кетсек, аянтка балатыны орнотуу иштери 12-ноябрда башталган болчу. Калаа бийлиги шаар тургундарын жана конокторун аземге күбө болууга чакырат.