Ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров кызы Айсулууга жентек той беришти. Бул туурасында ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Айтымында, той кечээ, 13-декабрда өтүп, ага түгөйлөрдүн туугандары, жакын санаалаштары күбө болушкан.
Айта кетсек, Каримова 2-октябрда көз жарганын маалымдаган. Ырчы айым менен жолдошу Асан Мансуров эки уул, эки кызды тарбиялап келишет.