Бишкектеги жол боюнда кыйылган теректер аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылат

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда кыйылган теректер муктаж жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Мындай маалыматты бүгүн, 14-декабрда мэрия кабарлады.
Маалыматта кышкы отун алууну каалагандар ушул жылдын 25-декабрына чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болору айтылат.
Өз кезегинде «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз болгон үй-бүлө жылуулук үчүн отун алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан