Акыркы сутка ичинде республика аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 7-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 1, Бишкек шаарында 3, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо меш жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн, электр жабдууларын колдонууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгынан келип чыккан.