Жалал-Абад облустук ИИБинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында издөөдө жүргөн 31 жаштагы Мусурманкул Сулайманов Жалал-Абад шаарынан колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу 6-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арал айылынын тургуну С.М. 2013-жылы май айында Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Азамат Гапаровго таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын 6500 АКШ долларына алып, акчасын ушул күнгө чейин коркутуп бербей жүргөндүгү аныкталган.
С.М. КР ИИМнин маалымат аналитикалык борборунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2012-жылдын 14-февралынан бери каттоодо турат.
Бул факты боюнча алгачкы материалдар чогултулуп, Ош ОИИБинин Өзгөн РИИБине 2013-жылдын 4-декабрь күнү өткөрүлүп, кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган С.М. Ош облусунун Өзгөн РИИБине тапшырылып, иликтөө иштери улантылууда.
Эске салсак, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобу Кыргызстандагы эң ири криминалдык топ катары таанылган. 2008-жылы Москвада Көлбаевге “Мыйзамдагы ууру” таажысы кийгизилген. 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин Көлбаев Дубайда жашырынып жүргөн болчу. Былтыр 8-декабрда Кыргызстанга келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берген. Учурда камакта.