Салыкты убактылуу жетектөөгө алган Кыдыров кызматтан четтетилгени айтылды

8-декабрда гана Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыров кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда берген маалымат жыйынында билдирди.

"Ал электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жашырганы үчүн кызматтан түшүп калды. Мындан улам президентке сунуштама бердик. Азыр өлкө башчы башканы дайындаганы жатат. Ал жоопко тартылат", - деди Ташиев.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдуваповго карата тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканына байланыштуу мекемени убактылуу Кыдыров жетектээри маалым болгон.

Белгилей кетсек, 6-декабарда Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 20-декабрга чейин камакка алынган. Алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарга байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан