ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2024: Балык жылында наам, сыйлык алган өнөр адамдары 

Узап бара жаткан 2024-жыл Кыргызстандын өнөр адамдары, спортчулары үчүн жемиштүү жылдардын карын толуктады. Жылды жыйынтыктап жатып SUPER.KG порталы бул жылы ити чөп жеген жылдыздардын кубанычтуу жаңылыктарын тизмектеди.

Кепти балык жылында мээнети бааланган маданият адамдарынын наамдары менен баштайлы.

Наам, сыйлык алган өнөр адамдары

Маданият кызматкерлеринин күнүндө белгилүү ырчы, бир топ обондордун автору, айтылуу “Үч-Теректин үч кызынын” улуусу Анапия Райымбекова өлкөнүн Эл артисти наамы менен сыйланды. Сыйлыкты ырчы айымга президент Садыр Жапаров тапшырды. Учурда Райымбекова Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын “Эл шайырлар” фольклордук тобунун артисти.

Бул жылы актриса Альбина Имашовага өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Сыйлыкты актриса айымга өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тапшырган. "Бул сыйлыкты менден мурда менин жолдошум аябай күттү" деген актриса айым наамды алгандан кийинки эмоцияларын, негизи эле ал үчүн сыйлыктын орду канчалык экенин айтып SUPER.KG порталына маек курган.

Альбина Имашова Бүбүсары Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ал "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой-2" жана башка бир топ тасмада роль жараткан жана театрда бир нече спектаклдерде башкы каармандын образын аткарган. Учурда ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келет.

Маданият күнүн утурлай кинорежиссёрлер Эрнест Абдыжапаров менен Темирбек Бирназаров "Даңк" медалы менен сыйланышты.

Аталган сыйлык республиканын маданий, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгек үчүн берилген.

Үйдө, сахнада ар дайым бирин-бири толуктап жүргөн кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Декага 2024-жылы Улуттук маданий борбордун Ардак грамотасы тапшырылды. Ырчыларга сыйлыкты Улуттук маданий борбордун директору Илязбек Бегимкулов тапшырган. Маданият өкүлдөрүнө Ардак грамота өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилгени айтылган.

Ошону менен катар эле ырчы Айдана Декага "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы ыйгарылды. Сыйлык 15-октябрда маданият министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен тапшырылган.

Белгилүү актёрлор Аскат Сулайманов менен Камчы Сарыбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлынды. Сыйлыкты өлкө башчы Садыр Жапаров маданият кызматкерлеринин күнүнө карата тапшырган.

Сыйлык ээлери учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келишет.

Ырчы Ырыскелди Осмонкуловго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды. Сыйлыкты 31-августта президент Садыр Жапаров тапшырган.

Ырыскелди Осмонкулов 1992-жылы “Инсан” тобунда ырдап, “Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай” деген ыр менен эл алдына чыккан. Ал эми 1996-жылы “Ай баратат” ыры менен жеке чыгармачылыкка киришкен. 2003-жылы “Эмгек сиңирген артист” наамына татыган.

Бул жылы наам алгандардын катарынды манасчы Рысбай Исаков дагы бар. Ага Кыргыз Эл артисти наамы 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде ыйгарылган. Сыйлыкты президент Садыр Жапаров өзү тапшарган.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.

Белгилүү ырчы, обончу Майрамбек Осмоновго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын ыйгарды. Сыйлыкты 31-августа өлкө башчы Садыр Жапаров өзү тапшырды.

2024-жылдын 7-ноябрында маданият министри Алтынбек Максүтов түрк дүйнөсүнүн элдеринин достугун чыңдоого жана маданияттын өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Ассоль Молдокматованы ТҮРКСОЙ медалы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Ассоль Молдокматова түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарына арналган жүздөгөн маанилүү маданий долбоорлорду жана жүздөн ашык даректүү тасмаларды жараткан.

Кыргыз өнөр адамдарынын арасында коңшу мамлекеттин сыйлыктарын алгандар дагы бар. Айта кетсек Кыргызстандык дирижёр жана комузчуга сентябрь айында Өзбекстандын эл жана эмгек сиңирген артисти наамдары ыйгарылды. Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Нур Өмүрбаевге Өзбекстандын Эл артисти наамы ыйгарылды.

Ал эми белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти болду.

Ырчы Миргүл Асаналиевага "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ушул жылдын ноябрь айында тапшырылды.

Ушул жылдын февраль айынды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов уникалдуу колоратуралык сопрано ырчысы, көп жанрлуу жана полиглот аткаруучу, жаш композитор Нур Чолпонго “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.
Министр, Нур Чолпондун маданият жаатында жасап жаткан эмгектерине, жараткан жетишкендиктерине кабардар экенин белгилеп, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин берген.

Ошондой эле кино актёр Алайбек Тойчубеков дагы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты министр Алтынбек Максутов февраль айында тапшырган.

2024-жылы маркум Элмирбек Иманалиевге "Эмгек баатыры" наамы берилди. Бул тууралуу маалымат 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде белгилүү болгон. Сыйлык берүү боюнча токтомго президент Садыр Жапаров кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан