"Суукта кезерип күтүп турасың". Бишкектик тургун автобус каттамына нааразы болду

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Бишкек шаарынын тургуну №52 автобустун каттам аралыгы узактыгын айтып, нааразы болду.

"№52 автобустун каттам аралыгы бир топ алыс. Эң аз дегенде 10 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин күтүшүң керек. Ага чейин аялдамага башка каттамдагы автобустар 2-3 жолу келип кетүүгө үлгүрөт. Суук күндөрү кыйын эле.

Тиешелүү мекемеден автобустардын санын көбөйтүп жана каттам аралыгын так сактоого көзөмөл кылышын суранат элем", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан