Москванын чыгыш тарабынан 20 жаштагы кыргызстандык жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 7-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, “Тез жардамдын” кызматкерлери 6-январь күнү эртең менен саат 8:50 чамасында Вешняков көчөсүнөн каза болгон адамдын денесин байкашкан. Сөөктү изилдөөдө маркумдун денесине бир нече жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.