Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексиндеги 510 ипотекалык батир өз ээлерин тапты. Батирлердин ачкычтарын тапшыруу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы элдин турмушун жакшыртуу жаатындагы ой-максаттардын сап башында калкты жумуш орундары жана арзан турак жай менен камсыз кылуу артыкчылык катары турарын баса белгиледи.
Ошондой эле, президент жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын белгиледи. Социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандар үй-жайлуу болушат. Алдыда дагы көптөгөн жаңы турак жай комплекстеринин курулушу жеке эле борбор калаада эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталат.
Маалым болгондой, мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө батир берип бүттү, эми мындан ары электрондук тизме менен гана берилет.
"Учурга карата, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдө 510 батирдин курулушу аяктап, үй-бүлөлөр үчүн 1 бөлмөлүү 204 батир даяр болду. “Мурас” турак жай комплекси - жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.Курулуштун жалпы аянты 37 миң 292 чарчы метр. Ал эми сметалык баасы 2 миллиард сомдон ашык. Бул – мамлекеттин жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө болгон чоң салым", - деп кошумчаланган маалыматта.
“Мурас” турак жай комплекси - жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул жайда буга чейин №47 түзөтүүчү колониясы жайгашкан. Ал шаар четине чыгарылып, ордуна ипотекалык турак жай куруу долбоор башталган.