Тергөө абагында зордукталганын айтып чыккан блогерге ИИМ жооп берди

Бүгүн, 26-декабрда Ички иштер министрлиги блогер Батмакан Жолболдуеванын “Баткен РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан зордукталдым” деген билдирүүсүнө жооп берди. ИИМ анын билдирүүсүн “элдин көңүлүн өзүнө буруу аракети” катары сыпаттады.

"Учурда Батма Жолболдуева Фейсбук баракчасы аркылуу айткан 2022-жылы Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайда шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүнү тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Анын милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБинде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик Жолболдуеванын кылмыш ишинин тарыхы тууралуу баяндап, ага коюлган айыптар, соттун өкүмү, ошондой эле анын андан кийин башка фактылар боюнча кармалганы тууралуу маалымдады.

"2022-жылдын 25-мартында “Акипресс” маалымат агенттигинин журналисти, Баткен шаарынын тургуну Арзыгүл Галымбетова арыз менен кайрылган. Арызында “Батма-бат” ютуб каналында иштеген Батма Жолболдуева аттуу блогер аброюна шек келтирип, жаман уят сөздөр менен каралап жатканын, ошондой эле “түбүңө жетем” деген сөздөрдү айтып коркутканын билдирип чара көрүүнү суранган. Арыз жазган Галымбетова блогер аял менен чыр-чатактан соң ден соолугу солгундап, кечки саат 20:00дөр чамасында ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай абалы начарлап, ошол эле түнү каза болуп калган", - деп айтылат билдирүүдө.

Баткен милициясы ага аймактагы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2023-жылдын 22-майында Баткен облустук соту Жолболдуеваны эки берене – “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча актаган. “Бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

"Андан сырткары Батма Жолболдуева 2024-жылдын 6-февралында Жалал-Абад шаарындагы “Хурма” кафесинде Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгерин шантаж кылуу жолу менен 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Бул окуя боюнча Жолболдуеванын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен соттук кароого жөнөтүлгөн. 28-июнда Жалал-Абад шаардык соту тарабынан "Опузалап талап кылуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом мамлекеттин пайдасына айып салынган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

35 жаштагы Батмакан Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорду жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан.

Белгилей кетсек, кечээ блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2022-жылдын жазында Баткендеги СИЗОдо зордукталганын айтып чыккан. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын билдирген.

"Мени зордуктоо үчүн камактагы эки жаранга салып беришкен. Зордуктоодон кутулуу үчүн мен өзүмө-өзүм кол салып, убактылуу кармоочу жайдан чыгып кеткем. Бирок экспертиза жүргүзүлгөн эмес", - деген ал.

Андан көп өтпөй Баткен облустук милициясы окуя тууралуу маалымат берип, анын айтканы боюнча Баткен ОИИБинин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан